Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.
Президент Садыр Жапаров биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө кыска мөөнөттө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
отогалереяны жүктөө
2022-жыл
facebook sharing buttontwitter sharing buttonvk sharing buttonodnoklassniki sharing buttonwhatsapp sharing buttonprint sharing buttonemail sharing button
kaynak:https://president.kg/kg/okujalar/23405_prezident_sadir_ghaparov_batken_oblusundagi_kirdaal_boyuncha_ghumushchu_keeshme_tkrd